7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрбек Текебаев президент менен тарых жана лидерлик маселелери жөнүндө пикир алышканын жазды

436

Президент Садыр Жапаров менен Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев жолугушуп, “Династия, металл, ат” аттуу эмгектин негизги идеяларын талкуулашты. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Анын айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразия көчмөндөрүнүн институционалдык өзгөчөлүктөрү — генеалогиялык түзүлүш, металлга негизделген технологиялык артыкчылык жана ат аркылуу камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу негизги факторлор кеңири каралган.

Ошондой эле лидерликтин жана бийликтин табияты тууралуу пикир алмашуу болуп, көчмөн коомунда бийлик үстөмдүк эмес, жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдукка негизделген институт экени белгиленген.

437