Чүйдө «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» фактысы менен калмалган 28 жаштагы жаран, соттун чечимине каршылык көрсөтүп, сот олтурумдан кийин, медициналык масканын зымы менен оозун тигип алган. Маалыматты Чүй ОИИБинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 25-апрелде Панфилов РИИБи КЖКнын 39-130 берене (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен 1993 жылы туулган А.А. кармаган. Ал 13-сентябрдагы сот олтурумунан кийин соттун чечимине каршылык көрсөтүп, 14-сентябрь түнү медициналык масканын зымы менен оозун тигип алган.
Ал бир сутка оозу тигилген абалда олтуруп, 15-сентябрь түнкү саат 23:30да оозундагы зымды өзү чечкен.
Чүй ОИИБи айрым ММКларда чагылдырылган, «Панфилов РИИБинин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам 10го жакын шектүүлөр бунт уюштурду»- деген маалыматты четке кагып, окуяны төмөндөгүчө сүрөттөйт.
«15-сентябрда Панфилов РИИБинин кызматкерлери жогоруда соз болгон, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган А.А.ны жана башка шектүүлөрдү СИЗО-1ге алып барган. Шектүүлөр нааразычылыгын көрсөтүп, унаадан түшүүдөн баш тартыштыкан. Ошол учурда алардын туугандары чатак чыгарып, ММКга жалган маалымат таркатышкан. Учурда Панфилов РИИБинин убактылуу кармоочу жайындагы тергөөдө төрт адам бар» -дейт.