31-августка карата коронавирустан 4 бейтап каза болуп, 360 бейтап айыгып чыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 145 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
- Бишкек шаарында – 47,
- Ош шаарында – 2,
- Чүй облусунда – 31,
- Талас облусунда – 7,
- Нарын облусунда – 3,
- Ысык-Көл облусунда – 40,
- Жалал-Абад облусунда – 5,
- Баткен облусу — 10.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 71 бейтап, амбулатордук түрдө 914 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 175 миң 734 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 169 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 528 адам каза болду.