7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

31-майда мектепке онлайн каттоонун биринчи этабы аяктайт

294

Кыргызстанда 31-майда биринчи класска электрондук каттоонун биринчи этабы аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул этапта ата-энелер балдарын жашаган жери боюнча мектепке каттай алышат.

«Ал эми 1-июнда саат 10:00дөн тартып электрондук каттоонун экинчи этабы башталат. Бул этапта микроучасток боюнча катталбаган балдар бош орундар бар мектептерге кабыл алынат. Буга байланыштуу ата-энелерге арыздарды өз убагында тапшыруу сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 192 250 орун каралган болсо, бүгүнкү күнгө карата 71 871 бала мектепке кабыл алынды.

Белгиленгендей, кабыл алуу 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле «Түндүк», MegaPay жана башка банктык тиркемелер аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

295