7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

35 автобус Өзбекстандан Ош шаарына алынып келди

980

Ош шаарында “SamAuto” заводунун жаңы автобустарына айдоочуларды даярдоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун келишимдерине ылайык “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и түштүк борборго келди. Калганы график боюнча 26-сентябрда келет.

Учурда заводдун адистери автобустарга айдоочуларды даярдоону баштады. Айдоочуларды кабыл алуу арыздардын негизинде жүргүзүлдү.

Учурда бул жерде 70 айдоочу даярдалып жатат.

«Ошондой эле автобустарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери жүрүп, шаардык автоунаа ишканасы тарабынан зарыл чаралар көрүлүүдө. 

Жакынкы арада бул автобустарды линияга чыгаруу пландалууда. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары»,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

981