Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун саны 62 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, жабырлануучулар – 198, анын ичинен 61 амбулатордук дарыланууга дайындалган.
Жабыркагандардын жалпы санынан:
- Балдар — 13
- Эркектер- 171
- Аялдар — 14
«Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар»,-деп берилет билдирүүдө.