7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын айрым жергиликтүү сотторунун судьялары ротацияланды

463

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын которуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу.

Жарлыктын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жана Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым иштеп жаткан судьялары КР Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулат:

— Ош облустук сотуна:

Алимкулов Нургазы Халилович — Баткен облустук сотунан;

— Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна:

Бекбулатов Айбек Бектурсунович — Ысык-Көл облусунун

Ак-Суу райондук сотунан;

— Жалал-Абад облустук сотуна:

Койломбаев Азамат Ишимбекович — Нарын облустук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотуна:

Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич — Ош облусунун

Чоң-Алай райондук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотуна:

Саргалдаков Искендер Бекболотович — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна:

Омуралиев Мэлис Асанбекович — Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан;

— Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотуна:

Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович — Чүй облусунун Москва райондук сотунан;

— Баткен облустук сотуна:

Султанканов Бактыбек Султанканович — Нарын облустук сотунан;

— Ысык-Көл облустук сотуна:

Бердибеков Алтынбек — Нарын облустук сотунан;

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна:

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич — Нарын облусунун Жумгал райондук сотунан;

— Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна:

Осмонов Тарасбек Сапарбекович — Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунан;

— Нарын облустук сотуна:

Исажанов Келдибек Сайдахматович — Ош облустук сотунан;

Кудабаева Гульбара Ишеновна — Ысык-Көл облустук сотунан;

Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — Жалал-Абад облустук сотунан;

— Нарын облусунун Жумгал райондук сотуна:

Бектемиров Куралбек Абдималикович — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык сотунан;

— Чүй облусунун Москва райондук сотуна:

Каримова Жыпар Кудайбердиевна — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан;

— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна:

Ормушев Тилек Эмилбекович — Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунан;

— Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:

Эралиев Талайбек Каскаевич — Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунан.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464