7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дайырбек Орунбеков: «Сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылган»

375

«Президенттин сөзүн бурмалап, «бүтүндөй блогерлердин эмгегин жокко чыгарды»-деп айтып жатасыздар. Андай эмес, бул сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылды». Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда айрым блогерлерди капа кылган темага токтолгон.

«Бул күндөрү Кыргызстанга келген оор сыноону элибиз ынтымак менен бирге көтөрдүк. Мамлекетке жардам колун сунган кайдыгер эмес жарандарыбыздын ак ниеттүүлүгүнө күбө болдук. Жарандарыбыз тынч күндөрү ар кандай пикирдеги көз караштардын тарабында болгонуна карабай, оор кырдалда бир муштумга түйүлө бириккенин дагы бир жолу көрсөттү. Алардын ар бирин билебиз жана эмгегин жогору баалайбыз.

Ошол эле кезде, керек эмес учурда туура эмес, душманга жага турган, өлкөнүн стратегиялык сырларын коомчулукка алып чыккандар болду. Куралдуу кол салуу болгондо коргонуунун мүмкүнчүлүгү, согуштук техникалардын саны, азык-түлүк запасы купуя болушу зарыл.

Бизде тилекке каршы азык-түлүктүн запасы, ал сакталып турган кампа, эмнелер бар экенине чейин тартып жарыялап салышкандарды көрдүңүздөр? Бул душманга колтук ачуу, сырды жарыялоо, оор мезгилде мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө шек жаратуу, элди паникага түртүү эмеспи?! Ушундай блогерлерге рахмат айтып, чекесинен өөп, башынан сылаш керек беле?! Атышып, аскерлер окко учуп, элибиз башка жактарга көчүрүлүп турган оор, кыйын кезде, душман ар бир кадамыбызды акмалап турганда мындай кемчилик, артыкчылыктарды айтып жарыялоонун өзү кооптуу эмеспи?

Президенттин сөзүн бурмалап, «бүтүндөй блогерлердин эмгегин жокко чыгарды»-деп айтып жатасыздар. Андай эмес, бул сын саналуу гана блогерлердин дарегине айтылды. Андыктан, ал сөздөрдү ар бириңиздер өзүңүздөргө албаңыздар демекчимин. Ал эми мындай кезде бир муштумдай бириккен калайык журтубузга, активдүү жарандарыбызга, ак ниеттүүлүк менен мекенибизге кызмат кылган ар бир блогер, ыктыярчылардын эмгегин көрүп жаттык, билебиз. Ал тургай президент баш болуп жалпы эл журт ыраазы. Сөзсүз аларды кадырлап сыйлап алабыз», -деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

376