7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4 млн сомдук зыян. Талас мэриясынын кызматкери кармалды

482

Таластагы Э.Кутманалиев атындагы спорт стадионун реконструкциялоонун баасын негизсиз жогорулаткан «ТЗХ» муниципалдык ишканасынын директору жана подряддык уюмдун өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Атайын кызмат Талас шаарынын мэриясынын жана «Талас жашыл чарбасы» муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан бул стадионду капиталдык ремонттон өткөрүүдө подряддык уюмдун кызыкчылыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады.

Курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга тиешелүү лицензиясы жана бул жааттагы иш тажрыйбасы жок экендигине карабастан муниципалдык ишкананын жооптуу кызматкерлери тендер өткөрбөстөн подряддык уюм менен 25 млн сом суммасында түз келишим түзгөн.

Стадиондун капиталдык ремонту боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына 4 млн сомдон ашык зыян келтирилген. «ТЗХ» МИнин директору жана подряддык уюмдун өкүлү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

483