7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыялады

367

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыялады.

Өлкө башчы паспорт, ID карт жана башка документтердин баары Кыргызстандын өзүнөн чыгарыла баштаганын эске салды.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой, паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн чыга баштады. Буга чейин “чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен” деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат.

Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт! Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзөбүз.
Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт.

“Учкун” мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июльга даяр болгула. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла. Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз. Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек»,- деди өлкө башчы.

368