7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4 жыл мурун каза болгон аял куткаруучуларга келип, балдарын көргөзүп берип, сактап калууну суранган (ВИДЕО)

10603

Түркиянын Кахраманмараш шаарында куткаруучу таң калаарлык окуя болгонун айтып, видео менен бөлүштү.

«Куткаруу иштерин жүргүзүп жатканбыз. Кырсык болгондон беш күн өткөн эле. Үйүлүп турган үймөктү кран менен казайын деп жатсак, бир аял боздоп ыйлап жаныбызга келди. «Казбагыла, ушул дубалдын астында менин эки балам калды, аларды куткаргыла»,- деп жалбарды. Ал жерде киши бар экени билинбей турган. Биз ал жерди тештик, астынан эки баланы чыгардык. Балдарды апасына тапшыралы деп, бизге келген аялды издедик. Барыбыз «Балдарды чыгардык» деп кыйкырып жаттык. Жанакы келген аял жок, таппайбыз… Чыгарылган 13 жаштагы бала «Менин апам 4 жыл мурун каза болгон»,- деди. Баарыбыз тизелеп олтуруп дуба кыла баштадык»,- деди куткаруучу.

Эскерте кетсек, Түркиядагы зилзаладан миңдеген жарандар каза болуп, миңдеген жарандар жаракат алышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

10604