7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

40 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы

247

Алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет маалымат таратты.

Өлкө аймагында 24-июлдан 30-июлга чейин күндүн ысыгы сакталат. Бишкекте жума ичинде жаан-чачын болбойт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге жетет.

Чүй
Апта ичинде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Күндүн ысыгы 38-39 градуска чейин жетет.

Талас
24-30-июлда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 27-июлда күндүз 14 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы 35-37 градус болот.

Ош
24-30-июлга чейин күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда күн 40 градуска чейин ысыйт. Ушул эле күнү айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Жалал-Абад, Баткен
Жума ичинде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 27-июлда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248