7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

43 жаштагы жаран 18 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүп, 5-чи кабаттан секирип кетти

1939

Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну 18 жаштагы өспүрүмдү бычактап өлтүрүп, андан соң ал өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлда райондук ички иштер бөлүмүнө Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде аялдын бычакталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2003-жылы туулган Т.К.нын төшүнө бычак менен жаракат алгандыгын аныкташкан. Ал ооруканага жеткирилип, алган жараатынан көз жумган.

“Кылмышка шектүү  катары 1978-жылы туулган М.Б. кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык шектүү жанын кыюу максатында ал бешинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен. Учурда ооруканада. Анын буту сынган жана баш мээси чайкалган.

Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, 18 жаштагы Т.К 43 жаштагы М.Б менен чогуу жашаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1940