Бишкек шаарынын 43 жаштагы тургуну 18 жаштагы өспүрүмдү бычактап өлтүрүп, андан соң ал өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июлда райондук ички иштер бөлүмүнө Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде аялдын бычакталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 2003-жылы туулган Т.К.нын төшүнө бычак менен жаракат алгандыгын аныкташкан. Ал ооруканага жеткирилип, алган жараатынан көз жумган.
“Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган М.Б. кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык шектүү жанын кыюу максатында ал бешинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен. Учурда ооруканада. Анын буту сынган жана баш мээси чайкалган.
Укук коргоо органдарындагы булактардын айтымында, 18 жаштагы Т.К 43 жаштагы М.Б менен чогуу жашаган.