7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«5 миң сом өлчөмүндө айып салынды». Мечиттер текшерилүүдө

1522

Биринчи май райондук администрациясы диний мекемелерди толук кандуу текшерүүнү жүргүздү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 11 мечитте укук белгилөөчү документтердин болушу, санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы, ыйык Орозо айында таравих намазы жана жума намаздары күндөрүндө беткап режими жана социалдык аралыктын сакталышы текшерилди.

Ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн алдын алуу маселелерине токтолушту.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору тарабынан 4 жазуу түрүндө  эскертүү берилип, 5000 сом өлчөмүндө айып салуу менен 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 55 диний уюм жана конфессия катталган, анын ичинен 11 мечит, 22 намазкана, 2 медресе, 2 Иегова жамааты, 18 диний объект бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1523