7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик мекемелер онлайн иштейт

14

«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу 5-октябрда Бишкек шаарындагы мектептер, окуу жайлар, бала бакчалар, ишканалар, мекемелер жана министрликтер онлайн иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, элдин коопсуздугун камсыздоо жана ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында Министрлер кабинети 5-октябрда мамлекеттик мекемелерди, министрликтерди, бюджеттик уюмдарды жана билим берүү мекемелерин онлайн форматка өткөрүү тууралуу токтом кабыл алган.

Стадиондун ачылышына 65 миңдей адам катышары күтүлүүдө. Мындан улам шаарда унаа агымы күчөп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн экени айтылды.

Автобустар элди акысыз ташыйт. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун акысыз автобустарды пайдаланууга чакырат.

 

15