7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

53 млн. сомго жакын зыян. Салык кызматынын кызматкери кармалды

480

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамы Н.С. жасалма документтерди жасап, Кыргызстандын бир жаранын жеке ишкер катары салык органдарында жасалма түрдө каттоодон өткөрүп, андан кийин анын атынан көмүскө экономикалык иштерди аткарып жүргөн.

Жыйынтыгында Республикалык бюджетке келтирилген зыян болжол менен 52 миллион 870 миң сомду түзөт.

Аталган жаран кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз экономикалык иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

481