Бишкектеги Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен апасы менен кошо 6-кабаттан кулаган 5 жашар кыз комадан чыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кыздын абалы туруктуу, адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантып жатат.
Каргаша 4-апрель күнү кечинде болгон. 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен терезеден кулап кеткени кабарланган. Эне менен 1 жашар ымыркайы набыт болуп, сөөгү 6-апрелде жерге берилди.
Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен иш козгоп, маркумдун 34 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.