7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку окуу жайларда абитуриенттер үчүн “Ачык эшиктер күндөрү” өтөт

278

Өлкөдөгү жогорку окуу жайларында абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн «Ачык эшиктер күндөрү» өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинен билдирди.

Анын алкагында билим берүү программалары, кабыл алуу шарттары жана ЖОЖдордун инфраструктурасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

«Ачык эшик күндөрүнүн» графиги төмөндөгүдөй:

  • 10-апрель саат 10:00–15:00 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • 10-апрель саат 11:00 — И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту;
  • 10-апрель саат 10:00 — Билим берүүдө заманбап маалыматтык технологиялар институту (ИСИТО);
  • 15-апрель саат 10:00 — И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  • 18-апрель саат 10:00–17:00 – “Ала-Тоо” эл аралык университети;
  • Ар жума күнү — Салымбеков университети;
  • 22–23-апрель саат 10:00 — Каракол шаары, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
  • 20, 23, 27-апрель саат 10:00 — Таш-Көмүр шаары, Инновациялык технологиялар жана энергетика институту (ИТЭИ);
  • 23-апрель, саат 09:30–13:00 — К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • 24-апрель саат 10:00–13:30 — Кара-Балта шаары, Кыргыз медициналык-стоматологиялык институту;
  • 24-апрель саат 09:00 — Манас шаары К.Токтомаматов атындагы эл аралык университети;
  • 14 — май — Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
279