7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6-кабаттан кулап каза болгон эне-баланын окуясы ИИМ жетекчисинин көзөмөлүндө

5

Бишкек шаарында эне-баланын өлүмү, ошондой эле дагы бир баланын ооруканага жаткырылышы менен коштолгон кайгылуу окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин иликтенип жаткандыгына байланыштуу Ички иштер министрлигинин жетекчилиги каза болгон аялдын ата-энеси менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө туугандарына жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары тууралуу кенен маалымат берилип, алардын бардык суроолоруна түшүндүрмөлөр берилди.

Маркумдун ата-энеси тергөө органдарынын аракеттерине дооматтары жок экенин билдирип, иликтөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Белгилей кетсек, аталган кылмыш иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө. Ошондой эле маркумдун жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылып, ашыкча талкуулоодон жана аза күтүү мезгилинде үй-бүлөнү тынчсыздандыруудан алыс болууну өтүнүштү.

 

 

6