7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

565

ИИМ тарабынан расмий издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-ноябрда УКМК кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен 1989-жылы туулган КРнын жараны Ч.А.Т. кармалган. Ал 2017-жылдан бери каракчылыкка катышкандыгы үчүн Ички иштер министрлиги тарабынан расмий издөөдө жүргөн.

Аталган жаран ушул жылдын жайында жеке адамдар менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстанга келип, аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенген.

Учурда бул кылмыштын шериктери такталууда.

566