7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

65 жылкы жана 2 млн теңге алып качып кеткен жаран кармалды

377

Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  жаран милицияга кайрылып, белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Ал Казакстандан Кыргызстанга жалпы баасы 7 млн сомду түзгөн 65 баш жылкыны айдап өтүп берем деп 2 млн теңге акча каражатын, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мал-мүлктү ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Натыйжада арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө — жалпы 7 330 400 сом суммада материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кармалган.

Учурда кылмыш иши боюнча болгон бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.

378