7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-Апрель көчөсүндө жылуулук түтүгүндөгү авария жоюлууда

14

7-Апрель көчөсүндө жылуулук түтүгүндөгү авария жоюлууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

7-Апрель көчөсүндө (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) диаметри 900 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк катталган.

Аварияны жоюу максатында эски түтүк убактылуу өчүрүлүп, аны камтыган альтернативдүү трубапроводго кошуу иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок. Болгону жылуу суу кыска мөөнөткө өчүрүлүп, азыркы учурда этап-этабы менен берилүүдө. 5-кичирайондо жылуу суу толугу иштер жатат. Ал эми башка жогорку райондорго 4 саат ичинде толугу менен жылуу суу берилет.

Аварияны жоюу иштерине 5 бирдик атайын техника тартылган. Алар: кран, экскаватор, көчмө насос станциясы жана 2 даана убактылуу атайын багыттагы фургон.

Жаңы түтүктү орнотуу иштерин мүмкүн болушунча бир күндүн ичинде бүтүрүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.

 

15