7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Берген убадасын аткара албай… Чүйдүн сот системасындагы коррупциялык схема аныкталды

286

Чүй облусунун сот системасындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, эркинен ажыратууга байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң доллар алган.

Кийинчерээк ал көрсөтүлгөн маселени Т.М.Т. аттуу жаран үчүн оң жагына чечип бере алган эмес. Алынган акчанын 651 миң сом жана 2 миң 800 доллар кайтарып берип жаткан учурда А.Ж.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге К.А.А. аттуу жарандын жана Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б.нын да тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда кылмыш үстүндө кармалган.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

287