Эртең, 7-декабрда тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдордо муз тоңуп тайгак болот.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;
- Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+6;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
- Нарын облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
- Бишкекте түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…-3 градус болот.