7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7 млн сомдук зыян. Сокулукта жерди мыйзамсыз каттагандар кармалды

678

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси жана аталган айылдын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышкан. Муну менен алар мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген.

15-июнда Жаңы-Пахта айыл аймагынын адиси жана аталган айылдын тургуну УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679