7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7 жылдан бери жашырынып жүргөн Ысык-Көлдүн тургуну кармалды

864

Ысык-Көлдө сот адилеттигинен дээрлик 7 жылдан бери жашырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун Совет айылынын 45 жаштагы тургуну А.С. Бишкек шаарынан кармалды. Ага 2016-жылы Каракол шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын 246-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган кылмыш үчүн издөөгө жарыяланган.

Ошондой эле, милиция Караколдо жасаган кылмышы үчүн Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 39 жаштагы тургунун да кармады. Ага 2022-жылдын апрель айында Каракол шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865