7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мимикасы менен көптөгөн күйөрмандарын өзүнө тартып турган актриса Демет Оздемир

469

Жылмаюусу жана мимикасы менен көптөгөн күйөрмандарын өзүнө тартып турган Түркиялык актриса, модель Демет Оздемир тууралуу билесизби? Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган актриса учурда бир нече белгилүү бренддердин расмий түрдө жүзү болуп саналат. Актриса 1992-жылы 26-февралда Түркиянын Измир шаарында төрөлгөн.

1. Үй-бүлөдө 3 бир тууган. Дерья аттуу эжеси жана Волкан деген байкеси бар .
2. 8 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып, Стамбулга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Деметтин карьерадагы алгачкы кадамдары дал ушул жерден башталган. Ал эми, актриса алгач «Ранняя пташка» сериалынын жана «Тактика любви» тасмасында бийлеп тартылган.
3. Демет өзүнүн эжеси Дерьяны кумир тутуп эжесиндей болууну кыялданган. Анын эжеси Дерьянын бий тобу болгон. Бирок актриса бийди олуттуу нерсе деп эсептеген эмес, ал бийлегенде кийе турган формаларды жактырчу эмес. Эжеси турмушка чыккандан кийин үйүндө каражат жетишпегендиктен бийлеп акча таба баштаган.
4. Түркиянын белгилүү ырчысы Мустафа Сандалдын клибине тартылгандан кийин Деметтин жашоосунда жаңы барактар ачылган. Ага ар тараптан кызматташууга сунуштар түшүп, тартыла баштаган.


5. 2021-жылы ырчы Огузжан Коч менен сүйлөшө баштаган. Түгөйлөр бир нече жолу эл алдына чыгып, бирге түшкөн сүрөттөрү менен күйөрмандарына ачыктап турушкан. Бирок, көп өтпөй эки ажырым жолго түшүшкөн. Бирок, бир нече убакыт өткөндөн кийин, жубайлар кайра биригип, 2022-жылдын август айында баш кошушкан.
6. Азыркы учурда Деметтин белгилүү «Disney+» менен келишим түзгөн. Ал» Между миром и мной», сериалында Керем Бюрсин менен башкы ролду аткарганы жатат.


7. “Somera” рейтинг агенттигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы актриса телевидениедеги эң мыкты беш түрк актрисасынын ичинен 4-орунду алгандыгын билдиришкен.
8. Бала кезинде юрист болууну кыялданган. Чоңойгондо актрисалык кесипти тандабаганда «психологияны окумакмын же балдарга бий үйрөтмөкмүн»,- деп берген маектеринин биринде билдирген.
9. Анын бою 1.70, салмагы 55 килограмм. Башка актрисалардан өзгөчөлүгү болуп кинолорго боёксуз тартылгандыгы.
10. Демет пластикалык операция жасатып көргөн эмес. Бирок, ботекс менен катар кашын көтөрүү жана дагы бир нече майда оңдоо операцияларын жасаткан деп дагы келишет. Анын сырткы көрүнүшүн өзгөрткөн эң негизги операция жаагын ичкерткен деп айтышат.
11. Актриса адамдарды өзүнө тартууну, жана хайп кармаганды жакшы көрөөрүн билдирген.
12. Актриса бош убактысында фантастика кинолорду көрүүнү жактырат.
13. Деметтин хоббисинин бири бул баскетбол. Ал баскетбол ойногонду бала кезинен бери эле жакшы көрөт жана кичинекей кезинде баскетбол командасынын мүчөсү дагы болгон.
14. Азыркы тапта Аслы Энвердин кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Демет «Меня зовут Фарах» аттуу сериалга тартылып жаткан чагы.
15. Демет бийчи болуу үчүн 11 килограммга арыктаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470