Жалал-Абад облусунун аймагында кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынууда. Жалпысынан 8 гектардан ашуун жерде өскөн 12 тоннадай жапайы кара куурай жок кылынды.
Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.