7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8 күндүк аба ырайына көңүл буруңуз

445

Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагы боюнча болжолдуу аба ырайын сунуштайт.

1-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарында жана Нарын, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 5…10°, Талас облусунун өрөөнүндө 4…9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 5…10°, Ысык-Көл ойдуңунда 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5°, тоолуу райондордо -4…-9°, Суусамыр өрөөнүндө -6…-11° суук болушу күтүлөт. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.

  • Ошондой эле 2-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
  • Ал эми 3-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
  • 4-февралда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.
  • 5-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 6-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жааса, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
  • 7-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан чачын күтүлбөйт.
  • 8-февралда айрым жерлерде кар жаап, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

446