7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8-марттан тартып мас болуп рулга отургандар 3 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат

630

Ушул жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин КР Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келсе, мындан ары мас айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылат. Ошондой эле, унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандар мас абалында унаа башкарганда 15 000 өлчөмүндө айып салынып келсе, мындан ары үч суткага камакка алынат.

Эгерде мас айдоочу өзүнүн спирт ичимдигин ичкендигин текшерүүдөн өткөрүүдөн баш тарткан учурда буга чейин 17 500 сом айып салынып келген. Мындан ары айдоочу үч суткага жана айдоого укугу жок айдоочу 5 суткага камакка алынат. Ошондой эле спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

«Буга чейин айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден-соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда 20 000 сом айып салуу же беш суткага чейин камакка алуу чарасы каралган. Мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети суткага камакка алынып, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан кайталанып, мас абалында транспорт каражатын башкарган жана мас абалында жол кырсыгына кабылган учурда, автоунаасы убактылуу алынып, үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631