7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

8 жаштагы кызды зордуктаган педофил 22 жылга соттолду

1263

Казакстандын Актөбө облусунда 8 жаштагы кызды зордуктаган педофил 22 жылга соттолду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылы күз айында болуп, шектүү кызга зордук-зомбулук көрсөтүп качып кеткен. Өспүрүм үй-бүлөсү менен жатаканалардын биринде жашаган. Окуя болгон күнү кыз үйүндө жалгыз калган. Педофил ошол учурдан пайдаланып, арам оюн ишке ашырган. Шек жараткан үндөрдү уккан коңшулары милицияга кабар берген.

«Соттун чечимине ылайык Б.Нуржанов күнөөлүү деп табылып, 22 жылга эркинен ажыратылган. Ага өмүр бою педагогикалык кызматтарды аткарууга жана бойго жете элек балдар менен жумуш кылууга тыюу салынды. Педофил жазасын  күчөтүлгөн тартиптеги абак жайында өтөйт«,- деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1264