7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 4-марттан баштап дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке киргизилет

377

4-марттан баштап өлкөдө дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу жыйында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.

Абалиеванын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу үчүн көзөмөлдөө системасын ишке киргизди.

“Ушул жылдын 9-февралында министрлер кабинети өлкөдө дары каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул система Кыргызстанда дары-дармектердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун маанилүү куралы болуп калат. Дары-дармекти көзөмөлдөө системасы дары-дармекти өндүрүүдөн баштап жайылтууга чейинки жашоо циклинин бардык этаптарында орнотулат. Ал дарылардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет”, — дейт ал.

Ошондой эле, “Дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы Кыргызстандагы бардык дары-дармектерди өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр үчүн милдеттүү болот. Системанын иштешине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине жүктөлөт. Система Түркиянын көзөмөлдөө системасынын негизинде иштелип чыккан. Дүйнөлүк банктын 2012-жылдагы макаласында Түркия дүйнөдөгү фармацевтикалык камсыздоо чынжырында толук көзөмөлдү ийгиликтүү ишке ашырган биринчи өлкө болду. Кошумчалай кетсек, көп тармактуу продукцияны номерлөө системасын иштеткен алдыңкы эл аралык GS1 уюму Түркияда жасалган дары-дармектерди көзөмөлдөө системасы дүйнөдөгү эң ийгиликтүү система экенин билдирди”, — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

378