7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыргабаев: «Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт!»

721

Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абадда 7-апрель–Элдик революциясынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында өткөн иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусунун өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус башчысы 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалаганын белгиледи.

«Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды. Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Соңку жылдары мамлекетибизде орун алып жаткан өсүп-өнүгүүлөр, экономикалык көрсөткүчтөрдүн жогорулашы өлкөдөгү стабилдүүлүк натыйжасында жаралып жатат»–деди Абсаттар Сыргабаев.

Эскерүү иш-чарасында 7-апрель–Элдик революциясынын курмандыктарынын элесине гүл коюлуп, куран окулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722