7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9 айда 126 салык кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

21

Мамлекеттик салык кызматына 9 айдын ичинде жарандардан 181 кайрылуу түшкөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен 64 кайрылуу жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн, 38 кайрылуу укук коргоо органдарынан келип түшкөн.

2025-жылдын 1-октябрына карата 162 кайрылуу каралып бүтүп, 19 кайрылуу учурда кароодо турат.

Каралып бүткөн кайрылуулардын ичинен:

  • 67 кайрылуу боюнча фактылар толугу менен тастыкталды;
  • 5 кайрылуу боюнча фактылар жарым-жартылай тастыкталды;
  • 90 кайрылуу боюнча фактылар тастыкталган жок.
  • 20 кызматтык териштирүү дайындалып, анын 17си отчеттук датага карата аяктаган.

Кызматтык тартипти бузгандыгы жана кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органдарынын 126 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды, анын ичинде:

  • 51 кызматкерге эскертүү берилген;
  • 43 кызматкерге сөгүш жарыяланган;
  • 16 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланган;
  • 13 кызматкер кызматтан кетирилген;
  • 3 кызматкер кызматынан төмөндөтүлгөн.

Мындан сырткары, 3 кайрылууда коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтар болгон. Анын ичинен 2 кайрылуунун фактысы тастыкталган эмес, ал эми 1 кайрылуу боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын УКМКга жиберилген.

Аймактык салык органдарына келип түшкөн кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча 4 кызматкерге эскертүү берилип, тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде борбордук аппаратка жана аймактык салык органдарына түшкөн арыздардын негизинде 136 салык төлөөчү салык мыйзамдарын бузгандыгы, анын ичинде ишмердигин салыктык каттоосуз жүргүзгөндүгү, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүгү, ККМди колдонуу талаптарын бузгандыгы, ошондой эле турак жайды салык төлөбөстөн ижарага бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылган.

15 салык төлөөчүгө эскертүү берилип, ал эми 3 салык төлөөчүгө салык салуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мамлекеттик салык кызматы кызматтык тартипти бекемдөө, салык органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүнү камсыздоо иштерин улантууда.

22