7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баласы ата-энеси менен урушуп кетип, өз өмүрүн кыйды

646

Караколдо 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, каза болгон. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. 27-октябрда саат 21:30дар чамасында өз өмүрүнө кол салган.

“Ошол эле күнү каза болгон баланын апасы уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө батага барып, ата-энесине кайрат айтты” — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиришкендей, каза болгон баланын апасы аталган мектепте география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

Билим берүү жана илим министрлиги электрондук тамеки жана башка зыяндуу заттардын ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу балдарга сатылып жатканына тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647