7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаев: 5-октябрда «Бишкек Аренанын» расмий ачылышында элге акысыз концерт уюштурулат

158

Бишкек Аренанын расмий ачылышында элге акысыз концерт уюштурулат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырманы өлкө башчы Садыр Жапаров берген.

“Бишкек Аренада өткөн иш-чарадан кийин элибиздин маанайы көтөрүлүп, улуттук духубуз ойгонду. Коңшу, боордош элдер дагы кыргызга оомат келди деп кубанычыбызга орток болушууда.

Бул оомат өзүнөн-өзү келген жок. Бул, урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун кыраакы саясатынын, бекем саясий эркинин жана өлкөбүзгө берген туура багытынын жыйынтыгы. Президенттин талабы так, сөз менен эмес, конкреттүү иш менен жыйынтык көрсөтүү.

Стадиондогу иш-чарадан кийин Садыр Нургожоевич, келбей калгандар үчүн дагы бир жолу уюштуруп бергиле деген тапшырма койгон. Ошого ылайык, 5-октябрда “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы өтөт. Кирүү акысыз, ал эми тартип жана коопсуздук үчүн чакырууларды tiket.gov.kg аркылуу алдын ала алуу пландалууда. Эми аренанын мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланышыбыз керек. Дүйнөлүк жылдыздарды чакырып, Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрүү зарыл.

Шакира боюнча да тактап коёюн, айрымдар гонорары кымбат экен деп жазып жатышат. Чет элдик артисттердин гонорарына бюджеттен бир тыйын кетпейт. Аны атайын компаниялар уюштурат. Бизге аренда төлөйт, сатылган билеттен түшкөн кирешеден дагы алабыз.

Андыктан, жакшы ниеттерге тилектеш бололу. Кыргызстанга келген оомат кут болсун! Шакира боюнча да тактап коёюн, айрымдар гонорары кымбат экен деп жазып жатышат. Чет элдик артисттердин гонорарына бюджеттен бир тыйын кетпейт. Аны атайын компаниялар уюштурат. Бизге аренда төлөйт, сатылган билеттен түшкөн кирешеден дагы алабыз.

Андыктан, жакшы ниеттерге тилектеш бололу. Кыргызстанга келген оомат кут болсун!”, — деп жазат ал.

159