7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9-май Жеңиш күнүнө карата кыргыз элин кайсы президенттер куттукташты?

1417

Кечээ, 9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди. Кыргызстанда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө эпидемиологиялык кырдаалган байланыштуу мурдакыдай шаан-шөкөт менен белгиленген жок.

9-май өлкө башчы Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү менен башталды.

«Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери! Бул Улуу Жеңишке Сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз. Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм. Кыргызстаныбызда тынчтык, ынтымак, өнүгүү болсун!», — деп жазылат куттуктоо сөзүндө.

9-май, Россиянын президенти Владимир Путиндин кыргыз элин жана өлкө башчысын Жеңиш күнү менен куттуктоосу:

«Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен, биз эсепсиз курмандыктардын жана жоготуулардын аркасында нацизмди талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаштык мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем», — деп айтылат Россия Президентинин жөнөткөн куттуктоосунда.

9-май, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кыргыз элине жана Садыр Жапаровго жолдогон куттуктоосу:

«Бул ыйык күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, бир боордоштуктун жана өз ара колдоонун эчактан бери келаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаев жөнөткөн куттуктоодо.

9-май, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады:

«Бул майрамда биз бири-бирине жөлөк-таяк болуп салгылашып, дүйнөнү фашизм коркунучунан сактап, жалпы жеңишке зор салым кошкон ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин эстеп, терең ыраазычылык менен алардын жаркын элестерин эскеребиз. Согуш талааларында каармандык менен салгылашкан, тылда жан аябай эмгектенген ардактуу ардагерлерибизге сый-урмат менен мамиле кылабыз, аларга бүгүнкү ачык асман, бейпил турмуш үчүн ар дайым ыраазыбыз. Биздин жогорку деңгээлдеги диалогубуз жана ортобузда жетишилген макулдашууларды толугу менен жүзөгө ашыруу түбөлүк достукка, ынак коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызмат кылат деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.

9-май, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз элин жана президентин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады:

«9-май — биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

9-май, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады:

 

«Жеңиш күнү — тынчтыкта жашоону, жакшы ниетти жана гуманизм идеяларын жар салган жаркын майрам. Мындай маанилүү күндө биз согуш талаасында бири-бирине дем-күч берип кайраттуулук менен салгылашкан жана бүткүл адамзаттын эркиндиги менен келечек муундун бактылуу турмушу үчүн тылда жан аябай эмгектенген жалпы баатырларыбызды терең урматтоо менен эскеребиз. Ата-бабаларыбыздын улуу эрдиктерин түбөлүккө сактоо биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз болуп берерине ишенем», — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.

9-май, Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев куттуктоосу.

«Улуу Жеңиш биздин элдерибизди бириктирип, жалпы тарыхтын сыноосунан бирге өткөн тагдырлаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достуктун айкын символдорунун бири болгонуна кубанычтамын. Кыргызстандын согуштун жана ооруктун каарман ардагерлерине чын дилимден ыраазычылыгымды билдирүү менен аларга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган тилектеримди жеткирип коюуңузду өтүнөм, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана өнүгүп-өсүү каалайм», — деп айтылат Нурсултан Назарбаев куттуктоосунда.

9-май, Сауд Аравия Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Жеңиш күнүнүн майрамына карата биз чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден-соолук, бакыт-таалай каалаган тилектерибизди жолдойбуз. Ал эми Өкмөткө жана Кыргызстан элине мындан аркы өсүп-өнүгүүлөрдү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле мураскер принц, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Сауд Аравиянын Коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун жолдогон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1418