7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп пайдаланууга берилди

150

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кара-Коо айылындагы Рашид Жангазиев атындагы мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

350 орунга ылайыкташкан билим уясынын курулушу 2014-жылы башталган. Мектеп эки кабаттуу, китепкана, ашкана, дарылоо бөлмөсү, спорттук залы, өтмө галереясы бар.

Мамкурулуштан учурда мектептин тегерегин көрктөндүрүү жана асфальттоо жумуштары уланып жаткандыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 12 мектепти куруу пландалган. Ал үчүн бюджеттен 1 млрд сомго жакын каражат каралган. Учурда жети мектеп колдонууга берилди.

 

151