7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

90 миң сомго чейин алышкан. Аскер бөлүктүн командири камалды

276

УКМК Коргоо министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады.

Маалыматка караганда, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири ИИМдин Ички аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери менен алдын ала сүйлөшүп алып, келишимдик негизде аскердик кызматка чакыруу үчүн жарандардан 70-90 миң сомго чейин акча алып турушкан.

Тергөөдө алар бул каражатты аскерге алына электе эле талап кылышканы аныкталган. Келишим боюнча иштеген жоокерлердин бири акчаны карызга алууга аргасыз болгонун айткан.

Бригада командири 2 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Мындан тышкары аталган коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата тиешелүү издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

277