Түркиялык белгилүү актриса Ханде Эрчел “Постучись в мою дверь” сериалы аркылуу дүйнөгө таанылган. Бул макалада 30 жаштагы актриса тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук.
1. Карьерасын 20 жашында баштаган.
Эң белгилүү сериалдары «Гюнештин кыздары», «Сүйүү сөздү түшүнбөйт»,»Кара бермет», «Шакек», «Азизе», «Эшигимди каккыла». Эң акыркы тартылган сериалы «Таптакыр башкача». Күйөрмандары Ханденин катышуусундагы сериалдарды чыдамсыздык менен күтүп көрөт.
2. Ханде Эрчел университетти таштаган.
Ханде экинчи курста кыялданган Мимар Синан атындагы көркөм өнөр университетинин салттуу түрк искусствосу факультетинде окуп жатып, 2-курста уланткан эмес. Анткени, актриса болуп ролдордо ойной баштаган. Бул чечим анын жашоосун өзгөрттү.
3.Ханде биринчи ролун алганга чейин 90 жолу кастингден өтпөй калган.
Келечектеги жылдыз үчүн кыялдарына жетүү оңой болгон жок. Көптөгөн баш тартууларды, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн.
4. Ханде жаныбарларды абдан жакшы көрөт.
Ал өз жашоосун жаныбарларсыз элестете албайт. Бош убактысын үй жаныбарлары менен сейилдөөгө арнайт. Азыркы учурда анын 3 ити бар, алардын бирөөсү (Азул) Nocturne кампаниясынын жүзү болгон.
5. Актриса журналисттердин жеке жашоосуна кийлигишүүсүнө каршы.
Ханде тырышчаактык менен анын жеке жашоосундагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сырттан жашырууга аракет кылат. Атактуулук менен анын күйөрмандарынын кызыгуусу пайда болду, жана бул көп учурда тажатма.
6. Ханде бир долбоорго кирүү үчүн 5 кг арыктаган.
Азыр Ханде абдан жарашыктуу жана сымбаттуу, бирок бир кезде актриса толуп кеткен. Көптөгөн режиссёрлорго толук болгону жаккан эмес. Мына ошондо Ханде толугу менен киришип, арыктай баштаган.
7. 2016-жылы Ханде бир жыл бою L’Oreal компаниясынын жүзү болгон.
Бул адаттан тыш эч нерсе эместей сезилет… Бирок кандай болсо да, алардын шарты боюнча ал бир жыл бою чачын боёгонго укугу жок болгон.
8.Ханде Эрчел миллиардерге турмушка чыгат.
2022-жылынын март айында Ханде Эрчел менен Керем Бурсин бир жарым жылдык мамилесин токтотушкан. Акыркы маалыматтарга караганда Ханде түрк миллиардерлеринин бири Хакан Сабанжыга турмушка чыгат.