7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды

761

Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:

— 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;

— 3 даана кол түтүн гранаталары;

— 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;

— 1 даана сигналдык патрон;

— 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;

— 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;

— 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762