Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Суданда армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн куралдуу кагылышынан улам кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бул өлкөгө баруудан баш тартууну сунуштайт.
«Бул өлкөдө жүргөндөргө жашаган жеринде калуу сунушталат: аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга баруудан алыс болуңуз. Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын 7 жараны жүрөт, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет»- деп берилет маалыматта.
Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө, ал эми элчилик Суданда жүргөн КР жарандарын тактоо иштерин улантат.