7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жабырлануучуга күч колдонуу менен психологиялык кысым көрсөткөн тергөөчү

536

Жумгал районунун ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын улук-лейтенанты кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Ал Жумгал районунун тургуну Ж.Б.А.га карата эч кандай негизсиз тергөө иш-чаралары мыйзамсыз жүргүзгөн, анын ичинде физикалык күч колдонуу жолу менен психологиялык кысым көрсөтүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин 1-бөлүгүнө ылайык улук тергөөчү суракка иш жүзүндө кылмыштын башка субъектисине карата чакырган, ал иш болсо 205-беренесинин 1- бөлүгүндө каралган кылмыштардын негизинде, тактап айтканда, «Кыргызтелеком» ААК кабелди уурдоо фактысы боюнча жана кылмыш курамынын жоктугунан улам 2022-жылдын 31-майында токтотулгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү милициянын улук-лейтенанты «Т.Т.Т.» ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

537