Кыргызстандын жасалма паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-июлда Кыргызстандын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран кармалды.
Кармалган жаран 20-июлда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.