7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташ чыккан

507

Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде мушташ чыккан. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү Бишкектеги Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, күч колдонуп, денесине залал келтиргендигин билдирип, чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына 1993, 1998 жана 1995-жылы туулган жарандары жеткирилген.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бардык зарыл экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында тиешеси бар адамдардын аракеттерине тийиштүү юридикалык баа берилет.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508