Түркияда токой өртүнөн улам 200 миң киши эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык,өрт Чанаккаленин Каядере айылына жакын жердеги токой аянтында чыккан. Катуу шамалдан улам өрт Чанаккаленин борборуна жайылууда. 1500 гектар аймак күйгөн.
Учурда өрттү өчүрүү мүмкүн болбой жатат.
Айыл чарба министри Ибрагим Юмаклы өрттү азырынча көзөмөлгө алууга мүмкүн болбой жатканын, бийлик эң жаман кесепетке даярданып жатканын айткан.