Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Ал 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында төрөлгөн. Өмүрүн илимге арнап, Кыргызстандын айыл чарба илиминин жана агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон.



