7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жардамыңарга муктажмын». Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетет

258

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кетет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына жазып, эл үчүн ак кызмат кылууга дайым даяр экендигин билдирди.

«Урматтуу Кыргыз элим! Мен 06.02. эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам, себеби биздин врач профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар, мен силердин жардамыңарга муктажмын. Буюрса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатып чыкканы тууралуу маалымат тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

259