7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

735

ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурда Москва РИИБинин өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене «Пара талап кылуу» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды. Кармалган кызматкердин кызматтык бөлмөсүн тинтүүнүн жыйынтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736